Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкелердин биринде таш менен көмүлгөн кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу 25-мартта SUPER.KG порталына укук коргоо органындагы өздүк булактар билдирди.
Анын айтымында, 24-март күнү Ак-Ордо жаңы конушунда таштардын арасынан кыздын жансыз денеси табылган. Азырынча кыздын аты-жөнү тактала элек.
"Соттук-медициналык экспертизанын билдирүүсүнө караганда, кыз болжол менен 25-30 жашта. Бою 165-168 сантиметр, чачынын узундугу 20-25 сантиметр. Кыз сумканын боосу менен муунтулуп өлтүрүлгөн. 2 буту таңылып, чаар сумкага салынган дене Ак-Ордо конушундагы үй курула элек жер тилкесинде таш менен көмүлүп турган жеринен табылган. Кыздын каза болгонуна көп болушу мүмкүн, анткени денеси чирий баштаган", - деди өздүк булак.