Sparta Combat League уюмунун чемпиондук куру үчүн болгон беттеште Кыргыз мушкери Тилек Машрапов АКШлык Энтони Адамстан калыстардын бирдиктүү чечими менен утулуп калды.
Беттеш АКШнын Колорадо штатындагы Денвер шаарында жайгашкан "Budweister Event Center" борборунда 25-мартта орун алды.
Тилек Машраповдун машыктыруучусу Айбек Мусаев калыстар адилеттүү болбогонун социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады. "Биз эч нерсе деп актана албайбыз. Баарын өзүңөр көрдүңөр. Колдон келишинче аракет кылдык. Бизге жан тарткандардын баарына рахмат айтып, ишеничиңерди актай албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз", - деп жарыялады.
Эскерте кетсек, "Жаш-Күч" спорттук клубунун президенти Айбек Мусаев Тилек Машраповдун UFC уюму менен келишим түзүү алдында турганын айткан. Ал Машрапов АКШ аймагында 2 беттеш өткөрүп жеңишке жетсе, UFC уюму аны менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирген.