Аламүдүн районунун Восток айылында камыштар өрттөнүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургуну билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 25-мартта саат 21:00 чамасында чыккан. Күбөнүн айтымында, учурда окуя болгон жерге Өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери келди. "Өрттүн үйлөргө жайылып кетүү коркунучу жок", - дейт ал.
Ал эми ӨКМнын маалыматы боюнча, өрт өчүрүлө элек.