Орусиялык мурдагы мушкер Костя Цзю жүрөгүнө операция жасатты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, белгилүү орусиялык мушкер инфаркт болуп, мындан улам жүрөгүнө операция жасаткан.
"Эртең менен дааратканага барып эле жыгылып калыптырмын. Көрсө организмдеги холестериндин деңгээли көбөйүп кетиптир", - деп билдирген Цзю.
Азыркы тапта 48 жаштагы мушкердин абалы жакшы. Костя Цзю өзүнүн спорттук карьерасында жалпы 34 профессионалдык беттеш өткөрүп анын 32син жеңиш менен аяктаса, 2 беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Орто салмак ченинде дүйнөнүн абсолюттук чемпиону аталган.