Ысык-Көлдө жолду оңдоп-түзөөдө 1 миллион 600 миң сомдон ашуун акчаны ыйгарып алышкан деп бир нече адамга кылмыш иши козголду

Ысык-Көл районунда жолго оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө 1 миллион 600 миң сомдон ашуун акчаны өздөрүнө ыйгарып алган деп "Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун" жана Ананьево айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Чет-Байсоорун жана Ананьево айылдарын бириктирген унаа жолго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Ал иш Ананьево айылынын айыл өкмөтү жана "Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду" тарабынан кабыл алынган. Ал документте 4164 квадрат метр жердеги чуңкурлар оңдолуп- түздөлгөнү, ага 4 миллион 100 сом акча коротулганы айтылат. Бирок текшерүү иштеринин натыйжасында бар болгону 2511 квадрат метр гана чуңкурлар оңдолуп-түздөлгөнү белгилүү болгон.

"Ал оңдоп-түздөө иштерин Ананьево айылынын айыл өкмөтү жана "Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду" кабыл алган. Алар кылынган иштин көлөмүн көбөйтүп, бюджетке 1 миллион 617 миң сом зыян келтиришкен. Учурда бул факты боюнча 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 315-берене (кызматтык жасалмачылык) жана 171-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу) менен кылмыш иши козголду. Иликтөө үчүн керектүү органдарга жөнөтүлдү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Baku88
2018-03-26 11:28:14
Арам тамак аш болбойт уяты жоктор
-1
stimyl.kg
2018-03-26 11:36:21
Жол салуу бойунча жакшылап карап текшерсе абдан коп адам камалса керек республика бойунча. ЭксПрезидент министирлерден бери аралашкан коррупциялык иштер жатат деп ойлойм, жол салуу бойунча..
+2
modem4999
2018-03-26 11:46:19
stimyl.kg,боюнча де
-2
NURTILEK_KG
2018-03-26 12:03:35
Президент катуурак буйрук берип козомолдоп жатат.ошондон кийин кичине болсо да иштеп баштады окшойт мурдагыга караганда.
+1
muslim87
2018-03-26 22:21:09
Мамилекеттин акчасына кол салып элине ХХХХХХХХ ХХХХХХХ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан