Кыргыз спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев АКШнын Иллинойс штатындагы Чикаго шаарында 24-25-март аралыгында өткөн жиу-житсу боюнча "Chicago spring Open" аттуу мелдеште алтын медалды жеңип алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жарыяланган.
Абдурахманхажи Муртазалиев 3 беттешке чыгып, атаандаштарын жеңип алган. Алгачкы 2 беттеште упайлардын көптүгү менен жеңишке жетсе, финалдык беттеште атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алтын медалга татыган.
Аталган мелдешке дагы бир Кыргыз спортчу катышкан. Аязбек Мустаков чейрек финалда атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алса, финалга өтүү үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартып, коло медалдын ээси болгон.