Башкы прокуратура далил катары кармалган 39 миң долларды уурдап кетишкен деп милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду

Чүй облусунун Аламүдүн жана Жайыл районунун кылмыш милициясынын кызматкерлерине 39 миң долларды уурдап кетишкен деп кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-февралда Чүй облусунун Аламүдүн жана Жайыл районунун кылмыш милициясынын кызматкерлери ири суммадагы акча уурдоого шектелген А.Н. аттуу адамды кармашкан. Кийин аны коркутуу жолу менен акчаны бекитип койгон жерин көрсөттүрүп, тергөө тобу барганга чейин акчанын бир бөлүгүн 39 миң долларды уурдап кетишкен. Бул факты боюнча 16-мартта Башкы прокуратура тарабынан 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-берене(кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TalaCSKA
2018-03-26 12:16:12
Ошондо кылмыш жоопкерличигине тартылабы же болгон наказание согуш жарыялап же жумуштан алынабы?
+4
Baku88
2018-03-26 12:16:35
Ой тообо кылдым качан онолобуз деги башка элдер укса уят эле шерменде болуп бутмой болдук го ар тараптан
+3
amirrus
2018-03-26 13:09:57
камаш керек сразу эле билип туруп кылганга сотрудниктерге кобуроок срок берилет.
+1
keba300989
2018-03-26 13:27:14
Ошто Чүйдө эмне болгон биздин формачандарга шермендечилик, кароолчуну министр кылып дайындап койсо ошондой болотда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан