Чүй ОИИББи: "Ак-Ордо конушунда жансыз денеси табылган кыздын киши колдуу болгону аныкталып, кылмыш иши козголду" (абайлаңыз, сүрөт)

Ак-Ордо жаңы конушунда жансыз денеси табылган кыздын киши колдуу болгону аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан тастыктады.

"24-мартта саат 14:45 чамасында Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкелердин биринен аял кишинин жансыз денеси табылган. Аялдын жашы 25-30дар чамасында, азиат түспөлүндө болгон. Анын бутун байлап, баштыкка салып, таш менен үйүп таштап кетишкен. Кийин анын киши колдуу болгону белгилүү болуп, 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы менен Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери биргелешип, кылмыш бетин ачуу боюнча иш алып барышууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эске салсак, Ак-Ордо жаңы конушунда белгисиз кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу 25-мартта SUPER.KG порталына маалымат келип түшкөн.

Ак-Ордодо сөөгү табылган кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nargiz94
2018-03-26 14:47:24
Ушул кылмышты кылгандар кантип тынч уктап журот болду экен.
+19
tynchy
2018-03-26 16:25:20
бул зокурлор эчак четке чыгып кетсе керек кантип ушундайга колдору барат бул да биронун аздектеген кызы эле да
+17
Asyl10
2018-03-26 16:29:14
Абдан окунучтуу,бир тоокту машине менен койуп олтуруп алып уктай албай кыйналасын,адамды олтурууго кантип колдору барды экен. Кыздар абдан абайлап жургулочу,аялы бар "женатиктер" менен журбогуло,аялдар да катуу оч алат дешет,сойкулукка барбагыла,бейтааныштар менен жалгыз жол журбогуло. Сактанганды кудай сактайт дейт. Дагы бир байкуш эненин аздектеп баккан кызыдыр бул байкуш. Кудай аркы дуйнодо сурагын женил кылсын.Жакындарына сабр берсин.
+20
Dembele84
2018-03-26 19:41:22
Адам олтуруу оной эле конумуш адатка айланып баратат го бизде,чара корбосо болбойт!
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан