Уурдалган акчанын бир бөлүгүн милиция кызматкерлери уурдап алышкан деп шектелип жатышат

Башкы прокуратура Ош ШИИБинин кызматкерлерине шектүүнүн үйүнөн табылган акчанын бир бөлүгүн өздөрүнө алып алышкан деп кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-январда Ош ШИИБинин кызматкерлери каракчылык фактысы боюнча шектүүнүн үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүп, ири көлөмдөгү акча табышкан. Кийин белгилүү болгондой, милиция кыматкерлери табылган акчадан 1 миллион 740 миң сомду өздөрүнө алып алышкан. Бул аракеттерин жашыруу үчүн шектүүлөрдүн биринин жакынын мыйзамсыз кармашып, шектүү алардын талабына көнгөн соң гана коё беришкен.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан 304-берене(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-берене (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tunerbei1812
2018-03-26 12:52:35
Биздин менттер ХХХХХХХХХХХХХ
+2
zheko
2018-03-26 13:01:23
Бизнес , ишке киргенде берген акчаны кайтарып алыш керек да туурабы ?Кантип , кызыгы жок , башкысы кайтарып алыш керек.
0
al-abu-kinesz
2018-03-26 13:38:12
ууруну каракчы тоноптур болуптур да биягы
0
BekAmir
2018-03-26 15:24:12
Формачан каракчылар
+1
Nevestkaa
2018-03-26 17:51:13
Акча баарын азгырат,өздөрү кылмышкер болуп калышты да .
0
murat17
2018-03-26 19:43:48
90процент милиция инсапы жок нафсиси крокодилдикиндей болот мындайларга туболук камак же ХХХХ ошондо бей бечаралардыкын жебей калат ХХХХ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан