Орусияда соода борбордогу өрттөн каза болгон адамдардын саны 53кө жетти

Орусияда соода борбордогу өрттөн каза болгон адамдардын саны 53кө жетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон 64 жарандын бешөө табылды, алар окуя болгон учурда соода борборунда эмес, башка жакта болгонун укук коргоо органдары айтышкан.

Ошондой эле аталган маалыматта жакындарынан айрылган жана издеп жаткан адамдарга психологдор жардам көрсөтүп жатканы айтылат.

Басылмалардын маалыматына караганда, "Зимняя вишня" соода түйүнүнүн 1 миң 500 чарчы метр чатыры да кулап түшкөн.

Айта кетсек, буга чейин орус басылмалары Орусиянын Кемерово шаарындагы соода борборунан өрт чыгып, 37 адам каза болгонун жазып чыгышкан.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок экенин кабарлашкан.

Орусиядагы өрт: Кырсык ондогон жаш баланын өмүрүн алды
Кемерово шаарындагы өрттүн башталышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
barsbekkagan
2018-03-26 14:16:32
Каза болгондордун жакындарына сабыр берсин.Тилсиз жоодон кудай сактап,арасында кыргыз жарандарынын болбошун кудайдан тилеп калабыз!!!
+7
Sogushov
2018-03-26 18:21:19
64 адамга жетти
0
stepboy
2018-03-27 04:08:33
200 300 400 адам деп жатат сми паника болбошу үчүн аз цифраны айтып жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан