Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Орусиянын Ички иштер министрлигинен өзүнүн мекенинде кылмыш жасап, укук коргоо органдарынан качып жүргөн жаран тууралуу маалымат түшкөн. Ал Жалал-Абад облусунун 1969-жылы туулган Д.Ш. аттуу жараны экени белгилүү болду.
"Ал ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп салууга айыпталып изделип жаткан. Кылмыш иши Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан 2008-жылы козголгон. Издөөдө жүргөн жаран 21-март күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аны өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси каралып жатат", - деп айтылат маалыматта.