Каршылашынын белине чыгып сальто жасаган мушкер жеңиштен кол жууду

Мушкер каршылашынын белинен сальто жасайм деп жеңиштен жана гонорарынан кол жууду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Калифорния штатында 23-мартта өткөн LFA турниринде Ирвинс Айяла менен Дрю Четмэндин беттеши өткөн. Анда Айяла каршылашын тээп жыгылтып, аны партерде урганга өткөн учурда, каршылашынын тизесине урулуп эс-учун жоготуп койгон. Кубанган Чэтмен жерде жаткан Ирвинс Айяланын белине чыгып сальто таштаган.

Мушкер сальтону жеңишке кубангандагы көнүмүш адаты экенин айтып, Ирвинс менен уюштуруучулардан кечирим сураган. Мындан сырткары ал жеңишинен кол жууп 3 айга спорттон четтетилген.

Мушкер каршылашынын үстүнөн сальто жасайм деп наамынан четтеди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KRIMINAL
2018-03-26 16:04:17
Биздетда көйрөң спортчулар бар)
+2
Nevestkaa
2018-03-26 16:05:48
Өпкөсүн колуна кармап алган экен да,сыйлыктан кол жууганы өпкөсүн ордуна коюп койгону болуптур.
+10
Refiri87
2018-03-26 16:17:27
Озун сыйлабаган озгону сыйлабайт негизи ушулар опко болушат
+5
s81
2018-03-26 16:28:56
опко жок турбайбы анда
+3
Altyn10076
2018-03-26 19:01:56
keba300989,Тааластын жээндери болсо керек да.
+9
Kuba-savai87
2018-03-26 19:19:26
Канат бегалиев го
+10
omurbekkutibaev77
2018-03-27 16:52:02
Kuba-savai87,андан да ашып кетиптир
+1
omurbekkutibaev77
2018-03-27 16:50:58
Барынан кур калды да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан