Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG`нин Түз эфиринин кезектеги коногу алып баруучу, шоумен Бакыт Байсариев болмокчу.
Шоумен 1985-жылы 30-июнда төрөлгөн. Балалыгы Бишкек шаарында өтүп, борбордогу орто мектептен билим алган.
"7 жашка чыкканда апам «Сейтек» балдар борборуна бийге берген. 11-классты аяктагыча бал бийи боюнча Кыргыз өлкөсүнүн 3 жолку чемпиону болдум. Бир жолу Москвада семинарда жүрсөк, эл ызы-чуу болуп бир залга чуркашты. Мен да барып карасам кыз-келиндин баары чыгыш бийин укмуш кооз бийлеп жатышыптыр. Аларга бий үйрөтүп жаткан адам 120-130 килограмм салмактагы сакалчан эркек болчу. Дароо интернетке баш баксам, эркектердин чыгыш бийи экен. Мага ушундай бир керемет таасир калтырды дейсиң, ошол күнү эле бал бийин таштап, чыгыш бийине өтүп кеттим", - дейт ал.Элге бийчилик өнөрү менен таанылып, андан соң тамадалыкка ыктап, учурдун шоумени аталган Бакыт Байсариев "Элита" бий тобунун көркөм жетекчиси Наргиза айым менен баш кошуп, 2 балалуу болушкан. 2015-жылы түгөйлөр эки ажырым жолго түшкөн.
2016-жылы Бакыт мырза Алия аттуу айым менен баш кошуп, Айчолпон деген кыздуу болушкан. 2017-жылы жан шериктер үлпөт той, бешик той өткөрүшкөн.
Бакыт Байсариевге арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып да жооп алсаңыздар болот.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.