Чүй облусунун 3 жараны Токмок шаарында пенсионердин үйүнө кирип тоноп кетишкен деп шектелип кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 26-мартта Чүй ОИИББинен кабарлашты.
Берилген маалыматка ылайык, ушул жылдын 3-февраль күнү саат 18:50 чамасында 25-30 жаштардагы, Европа түспөлүндөгү 2 адам беттерин моюн орогуч менен жашырып алып Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине киришкен. Алар 83 жаштагы үй ээси, пенсионер П.Е. менен 55 жаштагы П.В.га карата күч колдонуп, коркутуп 50 миң сомун алып кетишкен.
"Бул факты боюнча Токмок шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 33 жаштагы К.Н., 44 жаштагы У.А. жана 44 жаштагы З.В. кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө алар бул кылмышты жасагандыктары тууралуу көрсөтмө беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле шектүүлөр убактылуу жайга киргизилип, тергөө уланып жатканы маалыматта кошумчаланат.