Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жер кыртышы сүрүлүп, эки айылды таза суу менен камсыздаган түтүктү алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-мартта саат 11:30дар чамасында 1-Май айылында 25-30 метр куб эски жер көчкү 1-1,5 метрге жылган. Натыйжада Кара-Кулжа, Биймырза айылдарындагы 3 миң 446 турак жайды тоодон аккан таза суу менен камсыз кылган суу түтүктөрүн сүрүп, жараксыз абалга келтирген.
Ошондой эле аталган маалыматта жер көчкү унаа жолго кооптуу абал жаратканы, бирок айыл тургундарына коркунуч жок экени, себеби жер көчкү айылдан 500 метр алыстыкта жайгашкандыгы айтылат.