Бүгүн, 27-мартта "тамашоучу" жана актёр Жаныш Майрамбек уулу 28 жашка толду. SUPER.KG порталы актёр менен байланышып, туулган күнү менен куттуктады.
"Түнкү саат 12де бир жакшы адамдын куттуктоосун кабыл алгам. Ошо, калгандары бүгүн куттуктап башташты. Мен туулган күнүмө атайын план коюп, кече уюштурганды жактырбайм. Баары кокусунан, пландалбай туруп болгонун каалайм. Андыктан бүгүнкү күнгө да эч кандай план койгон жокмун. Бирок кечинде досторубуз менен чогуу футбол боюнча Кыргыз-Индия беттешин көрүү үчүн барабыз", - дейт ал.
Жаныш Майрамбек уулу 1990-жылы 27-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кара-Шаар айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз-Түрк “Манас” университетине тапшырган. Кийин "Тамашоу" долбоорундагы “Ак кеме” командасынын капитаны болгон. Ал команда менен 2008-жылдын 1-ноябрында биринчи жолу эл алдына чыккан. "Гонщик таксист", "Кекеч", "Мегатой" жана башка тасмаларда роль жараткан. Учурда "Эл эмне дейт?" юмористтик теледолбоорунун актёру.
27-марттын жылнаамасы.