
Орусиялык ырчы, актриса, бир канча ырлардын автору Полина Гагарина 1987-жылы 27-мартта Москва шаарында төрөлгөн. Ырчынын бала чагы Грецияда өткөн. Себеби апасы Грециянын опера жана балет театрында бийчи болуп иштеген. Кийин чоң энесинин колуна, Саратовго келип, ошол жакта жашап, окуп калган. Чоң энеси алгач эле небересин музыкалык мектепке киргизген. Апасынын Грециядагы театр менен болгон келишими аяктаган соң, Москвага көчүп келип кызын өз колуна алган. Москвадан ал 14 жашында музыкалык мектепти аяктап, музыкалык училищеге тапшырган.

2003-жылы 2-курста окуп жүргөн кезинде "Жылдыздар фабрикасы-2" теледолбооруна катышып, жеңүүчү аталган. Ошондон тартып Полина Гагарина чоң сахнага кадам таштап, белгилүү ырчыга айланган.

Полина Гагаринанын хитке айланган ырлары: "Колыбельная", "Я твоя", "Спектакль окончен", "Осколки" жана башкалар. Ошондой эле "Одной левой" комедиясында да роль жаратып, өзүн актриса катары сынап көргөн.
Ырчы 2015-жылы "Евровидение" эл аралык сынагына Орусиянын атынан катышкан. Анда "A Million Voices" ("Миллион добуштар") аталышындагы чыгарманы аткарып, 2-орунду багындырган.
Гагарина 2007-жылы Пётр Кислов аттуу актёрго турмушка чыгып, Андрей деген уулдуу болгон. Бирок 2009-жылы түгөйлөр расмий түрдө ажырашып кетишкен. Албетте, ырчы өзү мунун себебин жашырганы менен, анын жакындары ажырашууга Кисловдун катаал мүнөзү таасир бергенин айтып келишет.
2014-жылы экинчи ирет Дмитрий Исхаков аттуу фотографка турмушка чыгып, өткөн жылы Мия деген кыздуу болушкан.