Ош облусунун Кара-Суу районунда эки жаран истүү газга ууланып, аймактык ооруканага жаткырылды. Бул туурасында SUPER.KG порталына Кара-Суу аймактык ооруканасынын директору Гүлкайыр Муратова билдирди.
"27-мартта эртең менен саат 06:10дор чамасында Савай айылынын эки тургуну аймактык ооруканага кайрылышкан. Алар дарыгерлердин текшерүүсүндө көмүрдүн исине ууланышканы аныкталган. Алар 1993-жылы туулган Т.И. жана 1995-жылы туулган А.кызы.Р. аттуу жарандар. Уулангандар үйдүн ичине шишкебек жасашып, мындан улам көмүрдүн исине ууланышкан экен", - деп билдирет Муратова.
Ошондой эле учурда жарандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, жакынкы убакта үйлөрүнө чыгарыла турганын кошумчалады.