Аскер прокуратурасы ӨКМнын кызматкерлерине карата 6 кылмыш ишин козгоду

Аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын кызматкерлерине 6 кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын билдирүүсүнө ылайык, Өрткө каршы кызматынын кызматкерлери "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте коррупциялык иш-аракеттер менен алектенишкен. Алар турак жайларды салуудагы Өрткө каршы кызматынын талаптарына жооп бербеген маселелерди биргелешип көрмөксөн болуп, уруксат кагаздарын берип турушкан.

Буга байланыштуу Аскер прокуратурасы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын кызматкерлерине жана башка бир нече адамга карата баш-аягы 6 кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baku88
2018-03-27 23:04:10
Вот мына ушуга окшогон акмактардын айынан канчалаган кырчындай жандар кыйылып жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан