Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мугалимдери окуу жайда чатакташып, милицияга арыз менен кайрылгандардын ишин учурда комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Мугалимдер ортосунда чыккан чатак 23-мартта, 5-күнү окуу жайда болгон. 26-мартта ректордун буйругу менен комиссия түзүлгөн. Алар ишти иликтеп чыккандан кийин чечим чыгат. Учурда кафедра башчысынын байланыш номерлери өчүк, байланыша албай жатабыз. Бирок туугандары ооруканада деп жатышат", - деди окуу жайдын өкүлү.
Эске салсак, буга чейин "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Мугалимдер окуу жайда мас болуп жүрүшөт" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.
Видеону тартып алган мугалим SUPER.KG порталына: "Кафедра башчысынын кабинетинде майрамдап жатканын видеого тартып алганым үчүн анын аспиранты мени сабап салды. Кабинетте ошол аспирант экөө ичип отурушкан", - деп билдирген эле.