Базар-Коргондо 2 окуучу кызды унаа сүзүп, бири окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-мартта Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылында 22 жаштагы айдоочу ВАЗ 21074 үлгүсүндөгү унаасы менен мектептен үйүн көздөй бара жаткан 2 окуучуну сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы Л.К. аттуу кыз окуя болгон жерден каза болуп, 14 жаштагы М.А. аттуу кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
"Айдоочу окуяга күбө болгон адамдардын жардамы менен окуучу кыздарды башка унаага салып, райондук ооруканага жеткирген. Ал эми окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы жана ыкчам тергөө тобу барган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү иштер аткарылган. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп кошумчалады Айбек Сатыбалдиев.