Украинанын тургуну жолдошу менен уруша кетип, 10 айлык наристесин көпүрөдөн өзөн суусуна ыргытып салган. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Күбөлөр окуя тууралуу полиция кызматкерлерине кабарлашып, наристе тез аранын ичинде куткарылып, бактыга жараша, ал аман калган. Ал эми өз баласын көпүрөдөн ыргыткан аял буга чейин да мындай жоруктарды жасагандыгы маалым болгон. Үй-бүлөдөгү уруш-талашты баласынын өлүмү менен чечейин дегенби, айтор баласын көп кабаттуу үйдүн терезесинен таштаганга да аракет кылганы айтылган.
Полиция кызматкерлери окуя болгон учурда аялдын мас абалында экенин билдиришкен. Сурак учурунда ал жолдошу менен уруша кетип, кызуу кандуулукка алдырып, баласын ыргытып жибергенин айткан. Учурда ага карата жаш баланы өлтүрүүгө аракет кылды деген айып тагылып, кылмыш иши козголду.