Орусиялык ырчы Витас камакка алынды

Орусиялык ырчы Витас Москванын сыртындагы Барвиха аймагындагы үйүнүн короосунан ок чыгарганы үчүн административдик жоопко тартылып, 7 суткага камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, полиция ырчыга 500 рубль (596 сом) айып пул салган. Бирок аймактык прокуратура мындай чечимди жокко чыгарып, камакка алуу чечимин чыгарган.

Белгилей кетсек, ырчы сурак учурунда үйүнүн короосундагы каргаларды атуу үчүн ок чыгарганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Azatbek83
2018-03-27 18:47:15
Уууаааааа! Ушинтип ырдайт беле? Виталий Владасович Грачёв Витас полиция келгенде да холостой стрельба кылып эшикти ачпай койгон полиция дарбазасын бузуп кирип алып кетишкен.Витас көп жолу ошондой кылат деп соседи жалуется дейтко.
+6
aksy94
2018-03-27 18:48:32
Бизде болсо адам олтураода эркиндикте журот
+12
mentol
2018-03-27 19:14:59
Рублевкада жашайт турбайбы
+3
Azatbek83
2018-03-27 19:26:07
mentol,Артист болгондон кийин ошол Рублевкада жашайт да.
0
bond02
2018-03-27 23:27:05
mentol,Рублевка Строгино жактабы, квартал Спутник деп домдор тушуп жаткан?
0
Talgat89
2018-03-27 23:53:14
Бул тентек ушинтип ар кайсы ызы-чууну чыгарып турбаса башы ооруйт окшойт го. Бир жылы да кафеге полициянын формасын кийип алып кирип келген. Анда да жон олтурса мейли, полициянын формасын кийген Витас байкен мас болуп калып кафеде иттей тополон салып айтор бир топ эле ызы-чуу салган. Накта тентек деп ушуну айтыш керек. Тентектикти Витастан эч ким талашпай эле койсун
+1
barsbegKG
2018-03-28 01:22:57
Talgat89,канат байкемдин сөзү хит ХХХХ ХХХХ
0
kechirmeni
2018-03-28 10:19:36
Talgat89,Таластык спортиктер эле талашпаса
+1
Nanei
2018-03-28 17:17:13
Копкон да бул ырчы
0
aydinnur
2018-03-28 19:52:44
Молодец Витюк..
0
Nazima09
2018-03-31 12:50:24
Ырымды укпасанарда чырымды угуп мени эстеп тургула дейт окшойт Витас
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан