Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарындагы Октябрь районунда унаа уурдоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин тургуну Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасын уурдаткандыгын айтып, 22-март күнү милицияга арыз менен кайрылган.

"Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран кармалды. Териштирүүнүн жыйынтыгында ал адамдын мындан башка дагы 4 унаа уурдоого катыштыгы бар экени аныкталды. Учурда 172-берене (автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mr.ulan89
2018-03-28 07:56:39
Жалгыз уурдабайт болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан