Төрага Дастанбек Жумабеков "Керээз" драмасынын сценарийинин авторун жана спектаклдин актёрлорун сыйлады

Кечээ, 27-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков "Керээз" драмасынын сценарийинин автору менен аткарган актёрлорун сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жолугушуу Эл аралык театр күнүнө карата уюштурулган. Анын алкагында, "Керээздин" сценарийин жазган Кайрат Иманалиев, актёрлор Данияр Жанжигитов жана Эржан Осмонов төраганын Ардак Грамотасы менен сыйланса, актёрлор Болорбек уулу Адылбек менен Жеңишбек Смановго кол сааттар ыйгарылган.

Төрага маданият кызматкерлерин куттуктап жатып, көптөгөн аймактардын тургундары менен жолукканда алардын башкы талаптарынын бири маданият үйлөрүнө оңдоп-түзөөлөрдү киргизүү экендигин айтып, кубандыра турганын билдирген.

"Демек, элдин маданият тармагына болгон кызыгуусу күч. Коомдун өнүгүүсү жан дүйнөнүн өнүгүүсү менен байланышта", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gul3ina
2018-03-28 11:54:46
Сыйлыгынар кут болсун!Талыкпаган эмгек каалайм.Азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан