SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилген чыгарманын ордун ырчы Асема Токтобекованын аткаруусундагы "Сен жана мен" чыгармасы толуктады.
"Клипти Канат Асанакунов тарткан, идеясы да ага таандык. Бирок атайын сюжеттүү сценарий камтылган эмес. Болгону жазды жана сүйүүнү чагылдырууну чечкенбиз. Ошого карабай кышында, тагыраагы январь-февраль айларында тартуу иштери жүргөндүктөн сууктан аябай кыйналдык. Тартуу учурунда кыйынчылык деле болгон жок, болгону бий үйрөнүүгө 1 айдан ашуун убакыт кетти", - дейт ырчы.
21-МАРТТАН 28-МАРТКА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунда - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасы орун алган.
8-орун - Малика Динанын "Айтчы себебин" чыгармасына буюрган.
7-орун - Мурунку жумада алдыңкы үчтүктө келе жаткан Урмат менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы бул ирет 7-орунга ээ болгон.
6-орунга - Автандилдин "Баратам жолдо мына" чыгармасы ээ болгон.
5-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Курал Чокоевдин "Кара-Балта-Кайыңды" чыгармасы 5-орунду ээлеген.
4-орунду - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы ээлеген.
3-орун - Мурунку жумада тизмеге жаңыдан кошулган дагы бир чыгарма Кенже Дүйшееванын аткаруусундагы "Апакем" чыгармасы алдыңкы үчтүктө.
2-орунга - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасы татыган.
1-орун - Бул аптада эң көп добушка ээ болгон Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү композицияңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.