Орусиянын Кемерово шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 28-мартта билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" аталышындагы соода борборунан чыккан өрттөн курман болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок.
Айта кетсек, 25-март күнү Орусиянын Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. 4 кабаттуу соода борбордун жогорку кабаты өрттүн эпицентри болгону айтылууда. Ошондой эле жогорку кабатында кинотеатр жана аттракциондору менен балдар ойноочу аянттар болгон. Расмий маалымат боюнча өрттөн 64 адам каза тапса, анын 41и жаш балдар.