Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда дарыянын деңгээли көтөрүлүп, Казарман-Актал-Чат унаа жолун жууп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 27-мартта катуу жааган жаандан улам Ак-Союл суусунун деңгээли көтөрүлүп, Казарман-Ак-Тал-Чат унаа жолунун Ак-Союл тилкеси аркылуу өткөн бөлүгүндөгү 18-25-чакырымдарынын аралыгындагы жолду каптаган. Ага байланыштуу каттам жабылып, жолду тазалоо үчүн 3 техника 10 адам тартылган.
Ошондой эле басма сөз кызматынан жабыркагандар жок экенин, тазалоо иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.