Нарын районунда 27-март күнү болгон катуу шамал Учкун, Достук жана Куланак айылдарындагы турак үйлөрдүн жана мектептин чатырын учуруп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-март күнү саат 17:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен катуу шамал катталган. Мындан улам Учкун айылындагы турак үйдүн чатырын, Куланак айылындагы Айыл өкмөттүн имаратынын жана Достук айылындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен.
Жабыркагандар жок. Жалпы район боюнча 3 турак үйдүн жана 3 социалдык объектинин чатырлары жабыркаган. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн.
"Учурда чыгым такталып, тиешелүү иш-чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат аталган маалыматта.