Кант шаарында Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 30 жаштагы адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-март күнү саат 21:00 чамасында Кант шаары аркылуу өткөн Чоң Чүй каналына 30 жаштагы М.Н. аттуу жаран түшүп кеткен. Аны издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылган, бирок дале табыла элек. Кечээ, 27-мартта да издөө иштери улантылып, саат 15:30да жаан-чачынга байланыштуу убактылуу токтотулган.