Тилек Машраповдун UFC менен келишим түзүүгө дагы да болсо мүмкүнчүлүгү бар

Тилек Машраповдун UFC менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүктөрү сакталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Жаш-Күч" спорттук клубунун президенти Айбек Мусаев билдирди.

Анын айтымында, АКШда "Sparta Combat League" уюмунун алкагында Тилек Машрапов менен Энтони Адамстын беттешинин жыйынтыгында калыстар адилетсиз чечим чыгарышып, өзүнүн мушкерине жеңишти ыйгарып коюшту.

"Машрапов менен Адамстын беттеши эреже боюнча 5 раунд болмок, биз ушуга даярданганбыз. Беттеш күнү бизге 3 раунддук уруш боло турганын билдиришти. Машраповдун атаандашы тууралуу айтсам, ал тажрыйбалуу мушкер, Колорадо штатында өз салмак ченинде эң мыкты болуп саналат. Беттеш учурунда Тилек Машрапов октагондун ортосун ээлеп, таамай соккуларды узатып жатты жана атаандашын 3 жолу көтөрүп чаап тейкдаун жасады. Энтони Адамс соккуларды жасабай, уруштан качып жатканын көпчүлүк байкады. Анын бир дагы соккусу таамай болгон жок. Беттештин жыйынтыгында калыстар адилетсиз мамиле жасап, өзүнүн мушкерине жеңишти ыйгарып коюшту. Биз бул чечимге каршыбыз, нааразычылыгыбызды билдирип, даттануу арызын жаздык", - дейт Мусаев.

Ошондой эле Айбек Мусаев Тилек Машраповдун UFC менен келишим түзүүгө дагы да болсо толук мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирди.

"UFC'ге өтүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Жакынкы арада АКШнын аймагында дагы бир беттеш өткөрөбүз", - деди ал.

Эске салсак, Машрапов-Адамс беттеши АКШнын Колорадо штатындагы Денвер шаарында 25-мартта орун алган. Беттештен соң Айбек Мусаев калыстар адилеттүү болбогонун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Буга чейин Айбек Мусаев Тилек Машраповдун UFC уюму менен келишим түзүү алдында турганын айтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jibew
2018-03-28 19:43:02
Тилек азаматсын. Сен уттун. Бирок каршылашын физический кучтуу экен. Кармашпай урушсан болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан