ЖЫЛНААМА, 28-МАРТ: "Жолдошум бриллиант көздүү шакек тартуулады" дейт ырчы Мээрим Мураталиева

Бүгүн эстрада ырчысы Мээрим Мураталиева 41 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканда, ал чыгармачылыктагы эжелери, курбулары менен кече уюштурарын билдирди.

"Таң супасынан тарта маалымат каражаттары туулган күнүм менен куттукташып, белектерин бергени күтүүсүз болду. Ал эми телефон аркылуу жиберилген билдирүүлөр, каалоо-тилектерден улам уюлдук телефонум бир нече убакытка чейин иштебей калды. Жолдошум дайыма туулган күнүмдө зер буюмдарын тартуулайт. Бул ирет бриллиант көздүү шакек белек кылды. Кечинде чыгармачылыктан тапкан эже-сиңдилерим, курбуларым менен ресторандардын биринде кече уюштурабыз", - дейт ал.

Ырчы Мээрим Мураталиева 1977-жылы 28-мартта Орусиянын Москва шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 4 бир тууган, кыздардын улуусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Дүйнөлүк экономика жана бизнес бөлүмүн бүтүргөн, кесиби – экономист. Репертуарындагы ырлары - "Аттиӊ ай", "Сырдуу жигит", "Шаӊдама" жана башкалар.

28-мартка жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aerforce
2018-03-28 13:15:13
Ээ бул эжеке кайда жоголуп кетти сырдуу жигитти ырдап
0
iryi1
2018-03-28 13:20:49
Баасы канча турат экен.
0
Melis2014
2018-03-28 13:25:56
iryi1,6000$
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан