Түштүк кореялык "100 пайыз" тобунун ырчысы Со Мин Ву 33 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 25-март күнү ырчынын жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча аныктала элек, бирок алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ырчынын жүрөк согуусунун начарлашы өлүмгө алып келген.
"Ырчынын үй-бүлөсү жана топтун мүчөлөрү Со Миндин күтүүсүз дүйнө салганына байланыштуу терең кайгыга батууда", - деп билдирген анын жакындарынын бири.
Белгилей кетсек, "100 пайыз" тобу 2012-жылы негизделип, 4 альбомун чыгарууга жетишкен.