Бакыт Байсариев: "Кызматта эч качан ичимдик ичпейм. Элге тараган видеодо мен конок катары чакырылгам"

Бир нече мүнөттөрдөн кийин SUPER.KG`нин Түз эфиринин кезектеги коногу алып баруучу, шоумен Бакыт Байсариевдин маеги башталды.

Бакыт Байсариевге арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот. Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:00. Бакыт Байсариев жүйөлүү себептерден улам кечигип келерин билдирди.

15:20. Шоумен эмнеден улам кечигип келгенин түшүндүрдү.

15:23. Бакыт Байсариев эфирдин салттуу оюнуна айланган ойготкуч суроолордун бешөөнө туура жооп берди.

15:24. Адам кайсы куракка келсе дагы бийлей берсе болорун айтты. Ал эми ден соолугуна байланыштуу өзү бий үйрөтпөй калганын билдирди.

15:26. "Чыгыш бийин бийлеген эркектер көппү?" деген суроого Бакыт мырза: "Чыгыш бийин бийлеген эксклюзив эркек менмин", - деп тамашалуу жооп узатты.

15:28. Шоумен чыгыш бийинен тышкары латын америка бийи жага турганын айтты.

15:29. Кызы абдан эрке экенин айтты.

15:30. "Биринчи жолу ата-энемди Египетке алып барып эс алдырып келдим. Дайыма эле өзүм жыргап эс ала бербей ата-энемдин да ыраазычылыгын алдым", - дейт.

15:34. Шоумен биологиялык атасын Бишкекке келгенде тапканын, бирок азыр аны менен катышпай турганын айтып өттү.

15:36. Кокустук болуп, акырегин сындырып, операция жасатканын билдирди.

15:38. "Жеке жашоом тууралуу суроолорго түз эфирден жооп бербейм. Эгер кызыгып жатсаңыз "Супер-Инфо" гезитинен окусаңыздар болот".

15:39. Суроо: "Тоголок болуп семирип кетиптирсиз..."

Жооп: "Үйлөнгөндөн кийин аялың даамы жок тамак даярдаса да мактап туруп жеп, жатып алсаң тоголок болбой эмне. Сырттан жеп келсең суроолор көбөйө баштайт да".

15:42. Түз эфирде Бакыт Байсариев чыгыш бийин бийлеп берүүдө.

15:45. Суроо: "Тамадалар тойду ичип алып башкарабы?"

Жооп: "Кызматта эч качан ичимдик ичпейм. Элге тараган видеодо мен конок катары чакырылгам".

15:49. "Тойлордо бекер кызмат көрсөткөн учурлар болот".

15:50. Кошумча өнөрлөрү тууралуу: "Музыкалык аспаптарда ойнойм, кээде ырдайм жана тасмаларда эпизоддук ролдорду жаратып келем".

15:51. "Тойго бийлегени баргам. Ошондо тамадасы алып бара албай калып, мага костюм-шым кийгизип "сен кичине артистке окшош эмессиңби" дешкен. Ошентип тамада болгон жагып калган", - деп тамадалык кесиби тууралуу айтып берди.

15:54. Эфирде Бакыт мырза мушкерлер кийген мээлейди кийип, момпосуйду ачып жегенге аракет кылып, оюн курду.

15:58. Суроо: "Биринчи аялын таштаган эркек экинчисин да таштап кетет..."

Жооп: "Супер-Инфонун" жаңы санынан окуп алыңыздар".

16:00. Эфир соңуна чыгып, Бакыт Байсариев кыргыз элине каалоо-тилегин айтты.

Бакыт Байсариев: "Жашоо ушундай экен, өз атам менен катташпайм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
ayana16
2018-03-28 15:08:58
Жуйоолу себеп дегнин кандай тушунсо болот
0
tursunbaev78
2018-03-28 22:16:53
ayana16,жүйөлүү себептер(уважительная причина)
0
Akniet_kg96
2018-03-28 15:15:38
саламатсызбы ? менин суроом ушу эфир ге чакырган кунго жумуштарды пландабай койсо болбойбу силерчи эл кутот анан кечигип келесинер бул бардык эле шоу бизнеске тандык сураныч окуп койунуздапчы
+5
aliya-leyla
2018-03-28 15:16:33
Бизде кечигип келген жаман адат калбайт окшойт. Жок дегенде туз эфирге кечикпей келишсе болбойбу.
+5
Kelechek1
2018-03-28 15:16:47
Күйөрмандары күтүп отурабыз. Кечиккени бизди тоготпогондугу деп ойлойм
+4
Fresh_hit
2018-03-28 15:18:21
Бакыт саламатсызбы?
Риторика деген эмне?
Азыркы учурда тамадалардын денгээли кандай? Сиздин соз чеберчилигиниз жоктой,тойдо окшош создорду коп колдоносуз!Буга оюнуз кандай?
0
defne15
2018-03-28 15:21:03
Биринчи аялыныз менен жарашуу оюнузда жокпу?
+4
Pchelka85
2018-03-28 15:25:49
Бакыт комментарийлерди окудунбу))) элдин маанайын кордун да. Кандай дейсин, эмнеге элдер сага мынча негативдуу мамиле кылышат????
+4
Akniet_kg96
2018-03-28 15:28:39
Аскат сулаймановко окшош болуп калыптыр го
+3
papanstan
2018-03-28 15:38:13
Жубайыныз Алия канчанчы жылкы? Аябай сулуу экен :)
-14
zhanka1234
2018-03-28 15:52:31
papanstan,97ж
-9
taalay25
2018-03-30 05:05:16
papanstan,уже бывшая
0
Pchelka85
2018-03-28 15:46:16
Молодцы. Бий сонун))) кызын да бийчи экен, омурлуу болсун.. Жакшынакай кызын бар экен. Негизи кызын экоон окшош экенсинер. Кызын сууупсулуу экен. Сен кайдан чыккансын))))))))
+2
Baku88
2018-03-28 16:13:10
Бакыт сенин алмончоктой болгон 2 кызын бар Кудайым бак берсин жашоо бумеранг деп коёт го кийин ошол эки кызынын күйөөлөрү 2 баласы мн таштап кетип жаш аялга үйлөнүп алса кандай кеп кеңеш бересиң
+12
erlan2196
2018-03-28 16:34:22
Жакшы бийлейт экенсин жакты.
-6
eddi.
2018-03-28 16:34:57
Бакыт тамадалык жагынан да алып барган жигит эмеспи,адашпасам?
0
papanstan
2018-03-28 18:46:53
Менин комментиме неге минус басылды достор? Кимге кайсыл жери жакпай калды экен ?!
-3
Janna07
2018-03-28 23:02:40
Ушул киши эч жакпайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан