Чүй облусунун Аламүдүн районунда санитардык талаптарга жооп бербеген 3 кампа жабылды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аламүдүн райондук башкармалыгынын жетекчиси Чыңгыз Шейшенбаев билдирди.
"Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөлдүн, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери биригип атайын рейд өткөрүшкөн. Анын алкагында Аламүдүн районунун Пригородный айылында малдын терилери сакталган 3 кампа текшерүүгө алынды. Натыйжада, алардын абалы санитардык талаптарга жооп бербегендиги аныкталды. Ээлери керектүү документтери жанында жок экенин айтып, кийин көрсөтөбүз дешти. Буга байланыштуу аталган 3 кампанын иштөөсү токтотулду", - дейт Чыңгыз Шейшенбаев.
Андан сырткары, ал кампалардын ээлери документтерин алып келген соң аларга айып пул салынарын жана санитардык талаптарды аткарган соң гана кайра иштөөсүнө уруксат берилерин кошумчалады.