Орусиянын Тергөө комитети Кемерово шаарында соода борборундагы өрттөн каза болгондордун саны боюнча жалган маалымат тараткан пранкер ким экендигин аныктап, ага карата кылмыш ишин козгоду. Орусиялык ЖМКлардын Тергөө комитетине таянып жазган маалыматына караганда, ал Евгений Вольнов аттуу украиналык пранкер болуп чыкты. Учурда комитет ага карата издөө жарыялоону жана сырттан камакка алууну пландоодо.
Маалыматтар боюнча, Евгений Вольнов Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда өрт чыккан учурда өзүнүн YouTube каналына жалган маалыматтарды камтыган видеосун жарыялаган. Анда ал өзүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү катары тааныштырып, шаардагы өлүк сактоочу жайларга 300дөй адамдын жансыз денеси алып келине турганын айткан. Анын жалган маалыматы интернетке өтө ылдамдык менен тарап кеткен.
Айта кетсек, 25-март күнү Кемерово шаарындагы "Зимняя Вишня" соода борборунда өрт чыккан. Анын кесепетинен 64 адам каза тапкан. Анын 41и жаш балдар экендиги айтылды. Ал эми Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги каза болгон жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин кабарлады.