"Жаш кыял" элдик бий ансамбли эл аралык сынакта Гран-приге ээ болду

25 жылдык тарыхы бар "Жаш кыял" элдик бий ансамблинин жаш таланттары Казакстандын Астана шаарында өткөн "Ак көгершин" эл аралык балдардын чыгармачылык фестивалына катышып, баш байгени жеңип кетти. Бул тууралуу ансамблдин жетекчиси Анара Чилетирова SUPER.KG порталына билдирди.

"24-мартта ХII "Ак көгершин" эл аралык бий фестивалы орун алды. Аталган сынакка "Жаш кыялдын" 10 жаштан 14 жашка чейинки 16 кызы катышты. Сынак 2 баскычта өттү. Биринчи этапта кыздар "Кербез" деген улуттук бийди бийлешип, экинчи баскычка жолдомо алышты. Экинчи этапта кавказ бийин бийлөө менен, 47 команданын ичинен Гран-прини жеңип алышты", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tursunbaev78
2018-03-28 22:09:38
Куттуктайбыз!!!чыгармачылык ийгилик
+4
barsbegKG
2018-03-29 02:44:09
Азаматсыңар! Ар дайым элибизди кубантып жүрө бергиле алтындарым!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан