Венесуэланын абагында орун алган тополоңдун кесепетинен 78 адамдын каза болгондугу айтылууда

Венесуэладагы түрмөлөрдүн биринен чыккан тополоң менен өрттүн кесепетинен 78 адамдын каза болгондугу айтылууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-мартта катталган. Азырынча өрттүн себеби ачык айтылбаганы менен, жергиликтүү басылмалар күбөлөрдүн билдирүүлөрүнө таянып, абакта алгач ок атышуу болгонун, анын жыйынтыгы өрткө алып келгенин жазышкан. Ошондой эле түрмөдө отурган балдардын бири апасына телефон чалып, алар жаткан камерага бензин төгүп, өрттөп салууну көздөп жатышканын билдиргени айтылат. Учурда бул боюнча жергиликтүү бийлик эч кандай үн катпаганы менен, басылмалар тополоң менен өрттүн кесепетинен 78 адамдын курман болгондугун жазышууда. Маалыматка ылайык, алардын ичинен 68 эркек камакта жаткандар болсо, 10 аял абактагы жакындарын көргөнү келгендер болгон. Ал жакта жалпысынан 100дөн ашуун адам камакта жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
eddi.
2018-03-29 09:24:21
Аялдар жаман болуптур,баламды көрөм деп...
+1
murat17
2018-03-29 09:33:12
Да аялдарга жаман болуптур
0
_adil_
2018-03-29 10:01:46
Хороший зек мёртвый зек!!!
-4
aksy94
2018-03-29 16:07:01
Биздикилерда кылдыго чыгарып салып кайра бирден атып олтуруп салдыго бийлик аны эч ким айтпайт бир нерсе болсоле Бакиев Бакиев деп чыга калат далили жок ошол адамдарды Бакиев аттырдыбы же АШАбы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан