Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы төрөгөн баласын дааратканага ыргытып салган эне 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ажара Мамбетсеитова билдирди.
Анын айтуусуна караганда, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына соттун чечими келген. Мындан сырткары кыздын эжеси менен апасы табылган.
"Дааратканадан табылган наристени чоң энеси өзү багып ала турганын айтты. Биз жакында эле тийиштүү документтерди чогултуу үчүн тизме бердик. Эгер тийиштүү иш кагаздарды толуктап келсе, баланы 6 ай убакытка сыноо мөөнөтү менен берип көрөбүз, андан кийин кызды сот аркылуу асырап алышса болот", - дейт Ажара Мамбетсеитова.
Айыпталуучунун биринчи турмушунан калган 3 жаштагы кызын азыр апасы тарбиялап жатат. Дааратканада табылган наристе балдар үйүндө. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө апасы менен атасынын аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес.
"Эгер асырап алуу үчүн жакындары тийиштүү документтерди топтоодон баш тартып, келбей койсо анда кызды башка адамдар багып алышат. Бизде ымыркайларды асырап алууну каалагандардын атайын тизмеси бар, болбосо ошолор менен иштешебиз", - деди Мамбетсеитова.
Эске салсак, 2017-жылдын 31-июлунда Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн бириндеги дааратканадан ымыркайдын ыйлаганы угулган. Үйдүн ээси жаңы төрөлгөн кызды ал жерден алып чыгып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Наристе Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы, анын абалы оор экендиги кабарланган.
Аталган ишке шектүү катары 1995-жылы Нарын облусунда туулган Б.Ж. аттуу келин кармалып кылмыш иши козголгон.