"Уулум атасынын көчүрмөсү" дейт "Стайл микс" тобунун ырчысы Илима Дүйшөналиева

"Стайл микс" тобунун ырчысы, жакында эне бактысына ээ болгон Илима Дүйшөналиева "уулум атасынын көчүрмөсү" дейт. Учурда эне-баланын ден соолугу жакшы, Илиманы төркүнү тыңытууда.

"Өзүңөр билгендей Адилет (ред. Эркинбек уулу, жолдошу) экөөбүз уулдуу болдук. Наристебиз бизге буга чейин сезе элек бакытты тартуулады. Атын атасы Арслан деп койду. Учурда төркүнүмдөмүн, жакындарым каралашып жатат. Балам экөөбүз акырындан тыңып келе жатабыз", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, "Стайл микс" тобунун ырчылары 23-мартта ата-эне статусуна ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
altun89
2018-03-29 13:18:40
Арслан бактылуу омурлуу бала болсун
+5
Aidani
2018-03-29 14:14:35
Бешик боонор бек болсун таттуу тугойлор
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан