Кечээ, 28-мартта борбор калаада "Бишкек сулуусу-2018" сынагынын финалы болуп өттү. Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова билдирди.
"Сынактын финалына 25 кыз чыккан. Бирок 4 кыз жүйөлүү себептерден улам катышкан жок. Финалчылар видео аркылуу өздөрүн тааныштырышты. Андан кийин кече көйнөктөрүн, улуттук кийимдерди кийип чыгып, калыстардын сынынан өтүштү. 21 кыздын ичинен Сезим Асранкул кызы жеңүүчү болду. Бишкектин сулуусу Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунда окуйт", - дейт уюштуруучу.