Кадамжайда мурда соттолгон жарандар баңгизатын колдонуп жатышкан жеринен колго түштү

Кадамжай РИИБи тарабынан мурда соттолгон жарандар баңгизатын колдонуп жатышкан жеринен кармалды. Бул туурасында Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-март күнү Кадамжай шаарчасындагы автобекеттин алдынан көк түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа токтотулганда айдоочу баш ийбей качып кеткен. Ыкчам тергөө тобу унааны кууп жетип, текшерүүгө алганда анын ичинен төрт бурчтук болуп оролуп баштыкка салынган жыты бар зат табылган. Заттар экспертизадан текшерилгенде баңгизат экени аныкталып, бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 241-246-беренелери менен кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Унаанын ичинде 3 жаран болгон. Алар Кадамжай районунун Чекелик айылынын эки тургуну мурда бир нече жолу соттолгон 40 жаштагы М.З, 37 жаштагы М.А. жана 46 жаштагы А.Б. аттуу жарандар кармалышкан. Алар баңгизатты дайыма колдонуп жүрүшкөнүн, аны Кызыл-Кыя шаарында жашаган Э.А. аттуу таанышынан сатып алганын айтышкан", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Ошондой эле Кадамжай РИИБинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тобунун ыкчам өкүлдөрү ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын негизинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү мурда бир нече соттолгон 25 жаштагы Ж.Ү.нүн үйү текшерүүгө алынганда 3,77 граммды түзгөн баңгизат жана ок атуучу курал 5 даана огу менен табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aksy94
2018-03-29 16:29:33
Кудай билет чынбы жалганбы эл козунода болушу мумкун
0
futboler
2018-03-29 17:41:48
Таразада 10 граммды көрсөтүп турат го, таразадан алдаган чоң күнөө
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан