Ош ШИИБи: "Оштун тургуну кытай жараны сабап салды деп арыз менен кайрылды"

Резина бут кийимдерди чыгаруучу цехте иштеген Ош шаарынын тургунун кытай жараны урган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 1988-жылы туулган тургуну Ш.Г. аталган цехте иштеген. Ал эми аны урган кытай жараны цехтин ээси болгон.

"25-мартта бут кийим чыгарган цехте жабырлануучу менен кытай жаранынын ортосунда уруш чыккан. Мындан улам жабырлануучу тарабынан жазылган арыз "денеге залал келтирүү" катары катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бүгүнкү күндѳ экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Кытай жарандары ошол эле күнү келип тиешелүү көрсөтмөлөрдү беришкен. Учурда иликтөө иштери уланууда. Соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгына жараша кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси каралат", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Aktilektaanyshbek
2018-03-29 19:24:25
Кытайдын акчасын алып , кылмыш ишин жабып коюшат ишене бергиле!
+14
NURSAPAR
2018-03-29 19:25:19
Ушул кытайды бир камап көрбөйсүңөрбү
+15
Maks_shop
2018-03-29 19:31:44
NURSAPAR,Тобокел кылып де брат
+10
filis
2018-03-29 19:35:46
Озбек болуш керек.
+4
grace
2018-03-29 20:44:36
filis,кыргыз аял экен, дагы башкаларын да сабап кулдай иштетет экен кытай! Жүрө берели ушинтип! Анан кеч болгондо эсибизге келебизби?
+7
zhykyo
2018-03-29 20:01:50
Кытай Кун Фу билет го ээ
0
Dembele84
2018-03-29 20:28:53
Оштун тургуну кытай жараны сабап салды дейби?
-2
dilbara5
2018-03-30 12:10:24
Dembele84,
Оштун тургуну айтыптыр кытай жараны сабап салды дееееп ))))
0
Zamka79
2018-03-29 20:56:56
Кытайдын акчасын алат
Чонтокко жык кылып салат.
Кытай жумушуна кулуп барат
Кулуп караган кыргызды кайра сабайт
+5
ady-88
2018-03-29 21:45:00
Оз жерибизде башка улуттун башка жарандардын ур тепкисинде калып жатсак анда Кыргызстандын келеченинин жоктугу
+4
urmat-77
2018-03-29 21:58:51
Бүт Кыргызстанды карызга батырды.Тагыраак айтканда кытайлыктар эмес биздин тойбогон чоңдор.Болбогонго болушпа дегендей карыз берсе да оңолбосо бизди тоготобу.Жакында зордуктап баштаса таң калбаш керек.Биздикилер (менти, депутаты,соту,өкмөтү)баарын акча үчүн сатканга даяр.
+2
nazarKGZ
2018-03-29 22:20:03
эмне кыласынар главный тынч жашайлык кытай баскан да анан ойгонойлук азыр тынч жашайлык
-1
Lilireinhart18
2018-03-29 22:30:27
Комментарийлер укмуш да жанылыктан да
-2
altyn7776
2018-03-29 22:37:51
3 гектар жерге зангыраган уй салып, манапча керилип жатпай, тантырап суйлобой, кошуналар менен жакшы мамиледе болуу саясатын кармаганда кытайларга кор болбойт эле элибиз, тентибейт эле элибиз коншу олколорго... Балык башынан сасыйт деген эн туура накыл кеп.
+1
bond02
2018-03-29 23:27:58
оз жеринде башка улуттун адамы ушинтип басмырласа Кыргызстандан умут жок анда.
+1
cyrus
2018-03-30 01:36:26
Супер инфо жааматы ушул иш эмне болуп бутконун кийинирээк иликтеп жазып койгулачы сураныч
+1
admin_media
2018-03-30 12:10:52
cyrus,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
Koichuman
2018-03-30 09:51:11
Кыргызстандын алсыздыгы. Корупциянын онуккону. ХХХХХХХХХХХх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан