Мектеп директору: "Биздин мектепти 2 фин үйүн кошуп эле куруп койгон"

Биздин мектепти эки фин үйүн кошуп эле куруп койгон дейт А.Табалдиев атындагы орто мектебинин директору Апал Өзгөрүшева.

"Ат-башы районунун Баш-Кайыңды жана 1-Май айылынын ортосундагы А.Табылдиев атындагы орто мектепти 1985-жылы 2 фин үйүн кошуп эле куруп койгон. Спорт залыбыз жок, андыктан дене тарбия сабактары эшикке өтүлөт. Мектеп 120 орунга ылайыкталып салынган. Бирок учурда 189 окуучу билим алса, 28 мугалим сабак берет. Жылына окуучулардын саны 20-25ке көбөйүп жатат. Мектептин учурдагы абалы жаман, класстарды тирегичтер менен тиреп койгонбуз", - дейт мектеп директору.

Калктын саны өскөнүнө жана мектептин абалы начар болгонуна байланыштуу мектеп директору 250 орундуу, спорт залы, ашканасы менен шарттары бар жаңы мектеп курууга муктаждык бар экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aksy94
2018-03-29 17:15:28
Эжеке мектеп эмес туалет куралбайтат азыр уже карыздарды толоо убактысы келди так что кридитти жапканча умут кылбайле койгула
+1
kansulu
2018-03-29 17:20:38
Молодец директор экен мектебине айылына куйгон , кайсы начар мектептин директору ушинтип аракет кылып атат эл айтып салдырып атышат.
+4
kansulu
2018-03-29 17:21:28
Молодец директор экен мектебине айылына куйгон, кайсы начар мектептин директору ушинтип аракет кылып атат эл айтып салдырып атышат башкалар
+1
salfego
2018-03-29 19:30:37
Бирок айылынардагы мечит зангырап салынса керек ээ?
0
no.comment
2018-03-29 21:56:16
salfego, уком мечитти "дипутат байкелерин" же "окмот" салып берип аткандай суйлодун го..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан