Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын Казакстанда өткөрүү сунушталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-мартта аталган министрликтин башчысы Султан Жумагулов Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү толук ыйгарымдуу элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кокрекбаев Айтматовдун 90 жылдыгын Казакстанда өткөрүү боюнча сунуш киргизди. Аны Астана шаарынын 20 жылдыгына карата өткөрүү пландалып жатканын айтты.
"Мындан тышкары эки элдин достугун өркүндөтүү, кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Маданият министри бардык суроолорго жооп берип, эки мамлекеттин достугу үчүн иштешүүгө даяр экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында туулган.