Кыргыз дзюдочулары Грузияда өтө турчу Гран-приге катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын вице-президенти Абай Молдоканов билдирди.
Грузиянын борбору Тбилисиде өтө турчу "Tbilisi Grand Prix 2018" аталыштагы турнир 30-марттан 1-апрелге чейин уланат.
"Грузияда өтө турчу турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан 4 спортчу жана дзюдо боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Абдужалил Юнусов жөнөп кетти", - деди Молдоканов.
Команданын тизмеси:
60 килограммга чейинки салмак ченинде - Отар Бестаев;
66 килограммга чейинки салмак ченинде - Айдин Мухтаров;
73 килограммга чейинки салмак ченинде - Адилет Ганиев;
81 килограммга чейинки салмак ченинде - Владимир Золоев;
Башкы машыктыруучу - Абдужалил Юнусов.