Жалал-Абаддагы Кара-Үңкүр дарыясына дамба орнотулду

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясына узундугу 260 метр, бийиктиги 2,5 метрге чейин жеткен убактылуу дамба орнотулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дамба аталган райондун Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Була” пахта тазалоочу заводунун аймагына орнотулган.

"Дамба тосуу үчүн атайын чоң таштар алынып келип, жээктерди бышыктоочу жумуштар аткарылды. Суу ташкындоо коркунучу жоюлду. Бирок аталган аймак ӨКМ кызматкерлеринин көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, буга чейин катуу жааган жаан-чачындан улам Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун көлөмү көбөйүп, Базар-Коргон районундагы бир нече участкасында суу ташкындоо коркунучу жаралганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан