Унаанын жүк салган бөлүгүнө 20 мигрантты салып Орусиянын аймагына кирүүгө аракет кылган айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Челябинск облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы берген маалымат боюнча айдоочу жана жүргүнчүлөргө айып салынып, баары аталган облустан чыгарылган.
Эске салсак, 27-мартта Магнитогорск шаарындагы унаа жолунун 157-чакырымында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү фургон унаасынын жүк жүктөлгөн бөлүгүнө 20 мигрантты салып бара жаткан айдоочу кармалган.