Бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун унааларды кайрадан экспертизадан өткөрүү өтүнүчү четке кагылды.
Отурумда жактоочу сатып алынган унааларга адистештирилген экспертиза жүргүзүлбөгөнүн айтып, сотко унааларды кайрадан экспертизадан өткөрүү өтүнүчү менен кайрылган эле. Бирок соттук коллегия жактоочунун өтүнүчүн колдогон жок. Андан соң саат 16:00гө чейин тыныгуу жарыялады.
Эске салсак, "Алмамбет Шыкмаматов 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген" деп айыпталууда. Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.
Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган. Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылганы кабарланган.