Ак-Ордо конушунда таш алдына көмүлгөн кыздын өлүмүнө шектелип таксист кармалды

Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкелердин биринде жансыз денеси ташка көмүлгөн кыздын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, киши колдуу болуп каза тапкан маркум 26 жаштагы Н.А. экендиги аныкталган. Ал Талас облусунда туулган.

Кылмышка шектүү"Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкелердин биринен киши колдуу болуп каза тапкан кыздын жансыз денеси 24-мартта, таш алдына көмүлгөн жеринен табылган. Ыкчам иликтөө тобу тарабынан маркумдун туугандары, тааныштары изделип, текшерүүгө алынды. Жыйынтыгында, кылмышка шектүү катары жаңы конуштардын биринин тургуну 25 жаштагы Т.Б. кармалды. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, окуя өткөн жылдын декабрь айынын башында болгон. Маркум менен кылмышка шектүүнүн ортосунда уруш чыгып, окуя кыздын өлүмү менен аяктаган. Кылмышка шектүү сөөктүү жашыруу үчүн Сокулук районундагы үй салына элек жер тилкесине алып барып таш менен көмүп салган", - дейт басма сөз кызматынан.

Ошондой эле маалыматта шектүү менен маркум кыздын ортосундаӨздүк булак жөнөткөн сүрөт жакын мамиле болгондугу айтылат. Ошондой эле Т.Б.нын таксист болуп иштегендиги аныкталган.

Өздүк булактардын SUPER.KG порталына билдирген маалыматына таянсак, маркумдун 5 жашар уулу бар. Туугандары аны көптөн бери издеп жүрүшкөн. Кечээ туугандары өлүкканадан сөөктү алып кетишкен.

Эске салсак, Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкелердин биринде таш менен көмүлгөн кыздын жансыз денеси 24-мартта табылгандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Ак-Ордодо сөөгү табылган кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
momun74
2018-03-30 17:26:51
ии баласы энесиз калды урушска эле ултуруп койгон акмак кандай неме
+13
Dembele84
2018-03-30 17:59:25
Урушса эле олтурбой калды го,экоонун ортосундагы чонураак нерсени жашырыш учун ушул кылмышка барса керек
+6
Beks.Kasymov
2018-03-30 18:10:32
ии байкуш чырактай кыз екен еле
+8
Lion.
2018-03-30 19:25:18
Сулуу кыз турбайбы
+4
Djal1987
2018-03-31 03:29:58
Lion., и что сулуу болсо??? Адамдын биринчи сулуулугуна карагандарга тан калам. Сулуу болбосо ии сулуу деле эмес экен эмне болсо ошол болсун деп ой жугуртосунор силер.
+6
munira-tilen
2018-03-31 10:26:16
Djal1987,мен деле ойлогом олукту коруп бомужбу же кочодо жургон кызбы деп .корсо бир татынакай кыз екен.(((((
+3
Beks.Kasymov
2018-03-31 13:44:57
Djal1987,созду тушунбогон неме екенсинда
+1
a.sheralievic.91
2018-03-31 12:18:31
Декабрдан мартка чеин денеси так сакралыптыр го э
+1
Baku88
2018-03-31 13:09:43
a.sheralievic.91, кышы мн тонуп жатты да суукта
Байкуш бейишин берсин
+4
a.sheralievic.91
2018-03-31 12:24:11
Футболка башка го эгер далил катары көрсөтүлгөн болсо
0
Paprikafm
2018-03-31 13:28:14
Балдар мн суйлошпой ХХХХХХ
0
nurhan2702
2018-04-01 16:35:31
Жайы жаннаттан болсун. Ал эми олтургон айбан, зоокур, жашабагырды каргыш урсун. Бир жакшына кыздын омурун кыйыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан